Бирма: Өлкө дипломаттары да хунтанын кыргынына каршы чыгышты
Бирманын Германиядагы дипломаттары жана БУУдагы өкүлү аскердик хунтага каршы элдик нааразылык чараларга тилектештик билдиришти. Бирмада аскер кызматкеринин өлүмү үчүн 19 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Янгон шаарынын жанында 80ден ашуун демонстрант өлтүрүлдү.
Дипломаттардын каршылык билдирүүсү
Берлин шаарындагы Бирманын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө иштеген 7 кишинин үчөө бирмалык хунтага каршы нааразылык чараларына кошулду. Бул тууралуу 10-апрелде (ишембиде) Берлиндеги Бирманын элчилигинин үчүнчү катчысы Чав Калйар айым “Франс Пресс” кабар агенттигине курган маегинде айтты.
Калйар айымдын сөзүнө караганда, 1-февралдагы аскердик төңкөрүш аркылуу хунтанын бийликке келиши айла куруткан окуя болду, ошондуктан ал хунтага каршы күрөшкө катышууну чечкен.
Интернеттин "Фейсбук" сыяктуу коомдук тармактарында Чав Калйар айымдын хунтага каршы туруму колдоого алынууда.
Ал жана дагы эки кесиптеши өздөрүнүн турумдары тууралуу март айынын башында “Фейсбуктагы” барактарында жарыя кылышкан. Андан соң үчөөн тең элчиликтеги кызматтарынан бошотушуп, паспортторун тартып алышкан.
Калйар айымдын билдиришинче, болжол менен 20дай бирмалык дипломат хунтага каршы чыгышты. Алар жакынкы учурга чейин Париж, Женева жана Вашингтондогу Бирманын элчиликтеринде иштеп келишкен.
Элчи Кийав Зо Мин (Kyaw Zwar Minn) Бирманын Лондондогу элчилигинин алдында. 2021-жылдын 7-апрели.
Улуу Британиядагы Бирманын элчиси Кийав (Чжо) Зо Мин да хунтага каршы ачык чакырык таштаган. 7-апрелде элчи мырзаны Лондондогу элчиликтин кеңсесине киргизбей коюшкан. Анын ордун аскер иштери боюнча атташе тартып алган. Кийав Зо Мин расмий Лондонго кайрылып, хунта дайындаган бул атташени элчи катары тааныбоого чакырды.
Тасма. Бирманын БУУдагы элчиси Кийав Моэ Тун аскердик хунтага каршы чыгып сүйлөгөн учурдан үзүндү. 2021-жылдын 14-марты.
Хунтанын 1-февралдагы төңкөрүшүн чечкиндүү түрдө четке каккан бирмалык дипломаттардын бири – өлкөнүн БУУдагы элчиси, 51 жаштагы Кийав Моэ Тун мырза болду.
Ал 9-апрелде да Бирманын жана БУУнун желектеринин алдында туруп чыгып сүйлөп, эл аралык коомчулукту хунтага каршы чечкиндүү чаралар көрүүгө чакырды.
"Тез арада Сиздердин жамааттык, кубаттуу иш-аракеттериңиздер талап кылынат... Эл аралык коомчулук, өзгөчө алганда БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Бирмада мындай мыкаачылыктын андан ары улантылышына жол бербейт деп терең ишенем", – деди Кийав Моэ Тун. Анын сөзү "Фейсбук" аркылуу да жайылтылып жатты.
Элчи "жарандык аймактарда аскердик аба соккуларынын натыйжасында мындан ары кан төгүлбөшү үчүн" Бирмада учууга тыюу салынган аймакты түзүүгө чакырды.
Хунтага каршы айбат кылган бирмалыктар
1/19Хунтанын төңкөрүшүнө каршы чыккан демонстранттар жөө жүрүш учурунда "Биз аскердик төңкөрүштү кабыл албайбыз!" деген жазууларды кармап турушат. Мандалай шаары, Бирма. Жекшемби, 14-март, 2021-жыл.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
2/19Демонстранттар камактагы Аун Сан Су Чжинин сүрөтүнүн жанында. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 9-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
3/19Демонстранттар Янгон шаарынын чет жакасындагы Хлаингтая (Хлаинг Тхаряр) шаарчасында темир калкандарга жашырынып турушат. Бирма. 2021-жылдын 14-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
4/19Аун Сан Су Чжинин католик тарапкерлери Янгон шаарындагы Кытай элчилигинин алдында аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйынын өткөрүштү. Бирма. 2021-жылдын 21-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
5/19Демонстранттар аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда полиция аткан көздөн жаш агызган газдын айынан качууда. Мандалай шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
6/19Демонстранттар "Биздин лидерлерибизди бошоткула!" деген ураанды көчөгө жазышты. Дрон аркылуу тартылган сүрөт. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
7/19Хунтага каршы нааразылык жыйыны маалында курулган баррикаданы жоокерлер ээлешти. Янгон шаарынын чети, Хлаинг Тхаряр шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
8/19Демонстранттардын баррикадасы. Янгон шаарындагы Хлаинг Тхаряр шаарчасы. 2021-жылдын 14-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
10/19Бирманын жоокерлери аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда көчөлөрдү көзөмөлдөөдө. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 28-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
11/19Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн "суу замбирегин" колдонуп жатат. Мандалай шаары, Бирма. 2021-жылдын 9-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
12/19Демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Өрт өчүрүүчү зат да чачылды. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 8-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
13/19Аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык чарага чогулган калайыкка каршы туруу үчүн жоокерлер Борбордук банктын алдында турушат. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 15-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
14/19Демонстранттар аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык чарасы маалында Аун Сан Су Чжинин сүрөтү түшүрүлгөн плакаттарды кармап турушат. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 15-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
15/19Бир демонстрант көздөн жаш агызчу газга каршы өрт өчүргүч затты чачууда. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 28-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
16/19Демонстранттар тобу аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык жыйыны учурунда жаракат алган шеригин дарыгерге тез жеткирүү үчүн ашыгууда. Янгон шаарынын чет жакасында жайгашкан Хлаинг Тхаряр шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
17/19Хунтага каршы жыйынга катышып жатканда, жоокерлердин огу тийген демонстрантты шериктери коопсуз жайга чыгарып кетүүгө ашыгууда. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 14-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
18/19Демонстранттар курган баррикаданы жоокерлер өрттөп салган маалда, бир киши качып бара жатат. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 10-марты.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
19/19Демонстранттар 19-февралда каза болгон 20 жаштагы шериги Мя Тве Тве Хаингди АКШнын элчилигинин кеңсесинин маңдайында эскеришти . Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 20-февралы.
Бирманын демократиячыл күчтөрү 2021-жылы 1-февралда бийликти басып алган аскердик хунтага каршы нааразылык чараларын улантууда. 16-мартка чейинки сүрөттөр.
Артка
Алдыга
Бирмадагы өлүм жазасына өкүмдөр жана жаңы кыргындар
Бирмада болсо жума күнү (9-апрелде) хунтанын бир жоокеринин өлүмүнө күнөөлүү деп табылган 19 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Алардын 17сине издөө жарыяланган. Бул тууралуу 9-апрелде кечинде хунтага жан тарткан «Myawaddy» сыналгы каналы маалымдаганын "Рөйтерс" кабар агенттиги билдирди.
Жоокердин өлүмү менен байланыштуу окуя 27-мартта Янгон шаарында болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, соттолгондор аскердик төңкөрүшкө каршы чыккан карапайым эле жай тургундар.
Хунтага каршы чыккан демонстранттар. Такета шаарчасы, Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 27-марты.
Ошол 27-март күнү нааразылык чаралары башталгандан бери эң кандуу болуп, 100дөн ашуун киши набыт кеткен болчу.
Бирманын учурда өкүм жүргүзүп жаткан аскердик хунтасынын жолбашчысы 27-мартта, өлкөдөгү Куралдуу Күчтөр күнүн майрамдоо маалындагы салтанат учурунда, Орусияны "чыныгы дос" деп атады.
Бирманын хунта башчысы, улук генерал Мин Аунг Хлайн Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге медал тагууда. Найпидо шаары, Бирма. 2021-жылдын 26-марты.
27-мартта, Орусиянын коргоо министринин орун басары Бирма менен Орусиянын өз ара аскердик мамилелерин жакшыртуу үчүн өлкөгө барган дал ушул күндөрдүн биринде, хунтанын куралдуу күчтөрү демократиялык түзүлүштү калыбына келтирүү талабы менен чыккан демонстранттарды аёосуз жазалады жана бул жазалоо эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылды.
Саясий туткундарга көмөктөшүү жамаатынын (AAPP) маалыматы боюнча, Бирманын коопсуздук күчтөрү 8-апрелде жана 9-апрелде кечинде Янгонго жакын Баго шаарында жалпысынан 82 кишини өлтүрүшкөн.
Аскердик төңкөрүшкө каршы нааразылык чарасы маалында хунтаны колдогон Кытай менен Орусиянын желектери өрттөлдү. Лаунглон шаарчасы, Бирма. 2021-жылдын 8-апрели.
AAPP уюму жана жергиликтүү «Myanmar Now» жаңылыктар порталы хунтанын аскерлери нааразылык жыйынына чогулган калайыкты таркатуу үчүн мылтык менен атылчу гранаталарды колдонушкан, деп маалымдашты.
1-апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңеши хунтанын тынч демонстрацияларды ырайымсыздык менен жазалап жаткандыгын кескин айыптап чыкты.
Эл аралык коомчулук быйыл 1-февралда кулатылган жарандык өкмөттү жана демократияга карай багытты калыбына келтирүүнү, камакка алынган Аун Сан Су Чжи айымды жана башка жарандык жетекчилерди, ошондой эле, кармалган демонстранттарды дароо бошотууну талап кылууда.