Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Марипов "COVIDсиз саякатта" долбоорун тездетүүнү талкуулады


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Премьер-министр Улукбек Марипов 10-апрелде өкмөт мүчөлөрү жана жарандык авиациянын өкүлдөрү менен коронавирустун шартында кыргызстандыктардын чет өлкөгө чыгуусу, саякаттоосу жана учак билеттеринин баасына байланыштуу маселелерди талкуулады.

1-апрелден тартып ишке кирүүсү пландалып, бирок кечигип жаткан "COVIDсиз саякаттоо" долбоору тууралуу сөз болуп, өкмөт башчы чет өлкөгө чыгууга негиздеме катары талап кылынган ПЧР анализдерине байланыштуу кырдаал ишкердикке айланып кетти деп сындады.

"Сиздер долбоорду иштеп чыгып, 1-апрелден тартып аны ишке киргизүүңөр керек эле. Биздин жарандар үчүн Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда жүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болгону ПЧР-анализ тапшырып, тийиштүү тиркемени көчүрүп алуу керек. Бирок биздеги эки лабораторияда гана анализди жасап, код бере алат. Эмне себептен лабораториялар аз камтылган?", - деди Марипов.

Жыйында ошондой эле учак билеттеринин баасына байланыштуу маселе көтөрүлдү. Абалды жөнгө салуу үчүн авиакаттамдардын санын көбөйтүү каралып жатканы айтылды.

Азыркы тапта "Бонецкий" жана "Аква" аттуу менчик лабораториялардан гана эл аралык деңгээлде таанылган QR-коду менен ПЧР анализдерин тапшырса болот.

Кыргызстанда 10-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандар 90 019 адам болуп, бул оорудан каза тапкандар 1 519 деп эсептелди. (BCh)

XS
SM
MD
LG