Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Абхазиядан ташылган автоунаалардын ээлери кайра митингге чыгышты


Бишкектеги автоунаалар. Сүрөттүн кабардагы маалыматка тиешеси жок.
Бишкектеги автоунаалар. Сүрөттүн кабардагы маалыматка тиешеси жок.

Абхазиядан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандар 19-апрелде кайрадан Бишкекте митингге чыгышты. Ушул тапта (саат 12:00дө) бир канча киши колдоруна плакат кармап, Өкмөт үйүнүн алдында - Турдакун Усубалиев атындагы аянтта турушат.

"Азаттыкка" "Телеграмдан" жөнөтүлгөн видеодо алардын премьер-министрдин фамилиясын айтып, кыйкырып турушканын көрүүгө болот.

Ушундай эле акция мартта эки жолу өтүп, алар президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу да жолдошкон.

Бул маселе 19-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде да көтөрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев Абхазиядан машинелер буга чейин жемкорлук жол менен өлкөгө киргенин, ошого байланыштуу текшерүү күчөгөнүн билдирди:

"Алып келишкенде товар катары алып келет. “Тетикке бөлүп сатабыз” же “коллекциялык негизде” деп көрсөтүшөт. Азыр Салык кызматы, Ички иштер министрлиги эсебин тактоодо. Коррупциялык иштер боюнча Ички иштер министрлигине маалымат берилген, алар иштеп жатышат", деди Семетеев.

Депутат Бакытбек Райымкулов Абхазиядан келген автоунааларды сатып алгандарга каршы эмес, машине ташыгандарга каршы чара көрүүнү сунуш кылды.

Өткөн айда Мамлекеттик бажы кызматы жарандарга кайрылып, Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдалануудан карманууга чакырган. Расмий маалыматта жазылгандай Абхазиядан ташылган унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт.

Ошондон кийин Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биргеликте рейд жүргүзүп, Убактылуу бажы декларациясы жок же декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен автоунааларды камакка ала баштаган.

1992-жылы Грузиядан бөлүнүп өз алдынчалыгын жарыялаган Абхазияны мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG