Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Нарын: Саясатка чогуу аттанган түгөйлөр


Нарын облусу.
Нарын облусу.

Нарында жергиликтүү кеңештерге шайлоого жубайлар чогуу талапкерлигин койгон учурлар болду. Ошондой түгөйлөрдүн айрымдары үгүт өнөктүгү маалындагы тоскоолдуктар жана ийгиликтери тууралуу айтып беришти.

26 жаштагы Ширин Жолдошбек кызы Нарын шаардык кеңешине өткөн шайлоого “Ордо” партиясы менен барган. Анын жолдошу Казыбек Кулуев Ат-Башы айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Шайлоого биринчи жолу катышкан жубайлар айрым бир күтүүсүз тоскоолдуктар болгонун айтып беришти:

Ширин Жолдошбек кызы
Ширин Жолдошбек кызы

“Жакын тааныштар эле көп сөздөрдү айтышты, “бир үйдөн бириңер эле чыкпайсыңарбы?” дегендер болду. Мен муну эски түшүнүк катары кабыл алдым. Бир үйдөн экөө чыкса эмне болот экен? Тескерисинче, экөө бир багытта жүрсө бирин-бири колдогонго, жардамдашууга жакшы болот деп ойлойм. Адегенде жолдошума айттым, ал каршы болгон жок, бирок “ата-энебизге айтышыбыз керек”, деди. Кайын-журтума “талапкерлигимди коём” десем алар да колдоого алышты”,-дейт Ширин.

“Ордо” партиясынын тизмесинде Ширин он экинчи болуп катталган. Партия жеңишке жеткени менен Ширинге мандат буйруган жок. Жолдошу Казыбек да жетиштүү добуш топтой алган эмес. Бирок жубайлар депутат болбосо да өз айылына кызмат кыла берерин билдиришти.

Казыбек Кулуев
Казыбек Кулуев

“Буга чейин деле балдардын билим сапатын жогорулатуу багытында көп иштерди жасап келгенбиз. Кайрымдуулук иштерди да көп эле кылдык, эми ушуларды уланта беребиз. Жергиликтүү кеңешке депутат болбой деле айыл үчүн кызмат кылса болот да. Көйгөйлүү маселелер көп, таза суу, сугат маселелери бар. Бала бакча тартыш. Мурун кандай кызмат кылсак, эми деле бул ишибизди уланта беребиз”,-деди Казыбек.

Нарын шаарында туулуп өскөн Бек Шадыманов болсо шаардык кеңешке депутат болгону турат. Ал жубайына да талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштаган экен.

“Келинчегим коомдук иштерге жигердүү катышып келет, бир ишти баштаса аягына чыкмайынча жаны , ошол сапаттарын байкап өзүм сунуштадым. “Өзүң эле чык, келинчегиңе эмне бар?” деген сөздөрдү көп уктум, биз ушундай түшүнүктөн кайтышыбыз керек. Шаардыктар үчүн кызмат кылабыз деген жакшы тилектерибиз бар. Шаарыбызда билим берүү тармагын оңдошубуз керек, бизде билим берүү, медицина тармактары эң көйгөйлүү болуп саналат”.

Бек Шадымановдун жубайы Курманжан Шакирова медицина кызматкери. Ал Нарын шаарында бул тармактагы көйгөйлөрдү жакшы билет. Курманжандын пикиринде, аял депутаттар өздөрү жашаган аймактагы көзгө көп урунбаган, бирок тамыры терең социалдык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурмак.

“Негизи мыйзам чыгаруу системасында, жергиликтүү бийликте сөзсүз аялдар болушу керек, себеби аялдардын маселесин өзүбүздөй эч ким түшүнбөйт. Көп партиялар аялдар 30% гана келиши керек дешет экен. Бул андай эмес, эң аз дегенде ошончо болушу керек. Мен медицина кызматкери болгондуктан бул тармактын маселелерин жакшы билем. Нарында жүрөк оорулуулар көп кездешет, бизде аны аныктаган аппараттар жокко эсе. Жергиликтүү бийлик ушуларга да көңүл бурушу керек, иштин көзүн таап иштесе эле жылыш болот”.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына “башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30% аялдар же эркектер иштеши керек” деген норма кирген. Аялдарга 30% квотаны караштырган өзгөртүүлөр “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилип, ага ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду. 11-апрелде өткөн шаардык жана жергиликтүү кеңештерге Нарын облусу боюнча 820 мандат үчүн жалпы 2130 талапкер ат салышып, анын ичинен 668и аялдар болду.

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG