Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

CESS: Кыргызстандагы окумуштууларга каршы басым жүрүп жатат


Борбордук-Евразиялык изилдөөчүлөр коомунун логотиби
Борбордук-Евразиялык изилдөөчүлөр коомунун логотиби

Борбордук-Евразиялык изилдөөчүлөр коому (CESS) Кыргызстандагы бир катар окумуштууларга карата басымга тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу аталган уюмдун 1-майда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда өлкөдөгү акыркы он күн ичинде эле Кыргызстанда бир нече академиялык изилдөөчү кармалганына көңүл бурган.

Билдирүүдө 13-апрелде “мамлекеттик чыкканчылыкка” шек саналып политолог Марат Казакбаевдин камакка алынышын, 21-апрелде "Фейсбуктагы" посту үчүн “улут жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Алиеванын, 23-апрелде “психотроптук заттарды” мыйзамсыз сактаган деп Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинстин кармалып, сурак бериши тизмектелген.

“Бул окуялар бири-биринен ар кыл деңгээл жана формада айырмаланганы менен академиялык эркиндикке тоскоолдук кылууга багытталган басым экенин көрсөтүүдө. Мындан сырткары өлкөдө өз пикирин билдиргени үчүн басым күчөп жатканын билдирген башка окумуштууларга жана студенттерге да тынчсызданып жатабыз. Академиялык изилдөөчүлөрдүн кармалышы жана камалышы биздин бардык мүчөлөрүбүздү камтама кылууда. Бул камакка алуулар Кыргызстанда академиялык эркиндик жана сөз эркиндиги үчүн тынчсыздандыруучу прецедент түзүп жатат”, - деп айтылган билдирүүдө.

Буга байланыштуу уюм кыргыз бийлигин бардык окумуштуулардын академиялык эркиндигин сыйлоого жана мыйзамды так сактоого чакырган.

Борбордук-Евразиялык изилдөөчүлөр коому (Central Eurasian Studies Society)- 2000-жылы түзүлгөн. Ага Европа, Борбор Азия боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн 500дөн ашык окумуштуу-изилдөөчүлөр мүчө. Уюм илимий ар кыл конференцияларды уюштуруп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG