Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Активист Токтонасыров ЕККУнун кеңсесинин алдына пикетке чыкты


Токтонасыровдун "Азаттыктын" архивиндеги сүрөтү.
Токтонасыровдун "Азаттыктын" архивиндеги сүрөтү.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатындагы акцияны 4-майда да улантты.

Ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы куралдуу аракетин айыптоону талап кылды. Ал талаптары жазылган кагазды уюмга тапшырарын "Азаттыкка" билдирди.

Токтонасыров ушундай эле талап менен 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында акцияга чыккан.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Учурда ооруканаларда 100 киши жатат.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG