Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу иштери жүрүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун айылдарынан табылган снаряддарды тажик аскерлери колдонгон.
Министрликтин Инженердик башкармалыгынын адистери ушуп тапта Баткендин Максат, Кулунду, Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында иштеп жатат. Алар элди кайсы бир аймактан жарылбай калган жардыргыч заттарды таап алышса, ага жолобостон, миналарды тазалоо адистерине дароо кабарлоосун суранат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул койгон.
2-майда Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өтүп, бирок жарылбай калган авиациялык ракета табылган.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганы белгиленген.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну биринчи баштаганын билдирүүдө. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.
Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. (MiK)