“Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү азыр былтыркыга салыштырганда 2,6 миллиард куб метрге аз. Бул тууралуу 11-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 11-майга карата суу сактагычта 9,3 миллиард куб метр суу бар.
Сыдыков адатта май айында эң көп суу топтолгон маал болорун, 1-ноябрга карата 11,9 миллиард куб метр топтолот деген суу-энергетикалык эсеп бар экенин кошумчалап, жалпысынан абалды кооптуу деп атады:
“Бул өтө аз, өтө кооптуу”.
Эки апта мурда “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү 8,6 миллиард куб болчу.
Өлкөнү электр менен камсыздаган эң башкы – «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге түшсө ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет. (RK)
Facebook шеринеси