Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" партиясын шайлоодон четтетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майдагы жыйынында "Эмгек" партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон алып салды. Буга шайлоого көз салган байкоочулардын арызы негиз болду.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан «Ак Бата» партиясы да «Эмгек» партиясын «үй комитеттерин, квартал башчыларын сатып алган» деп айыптап, кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган.

Андан тышкары «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Республика» партиялары «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонууга айыптаган. Бул партияларды кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратуу менен жаңы шайлоо жарыялоону талап кылышкан.

«Эмгек» партиясынын депутаттыкка талапкерлери коюлган дооматты четке каккан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда андан тышкары Бишкектеги 23 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Борбор калаада ага чейин дагы жети шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болгон. Жети пайыздык босого чегинен «Эмгек», «Ак-Бата», КЭДП, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Биздин Эл» партиялары өткөн. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алуу фактысы боюнча Кыргызстан элдик демократиялык партиясын шайлоодон четтетип, аны Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот колдогон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG