Израилдин аскер күчтөрү 14-майда эртең менен Газа тилкесине артиллериялык жана абадан сокку урду. Мындай аракетти тилкедеги ХАМАС тобунун ракеталык чабуулуна каршы жооп катары түшүндүрдү. Чабуулга 160га жакын учак катышып, 40 мүнөттөй 150дөн ашык обьектке сокку урганы кабарланды. Бул өлкөнүн армиясы артиллериялык жана абадан соккулар ХАМАС тобуна каршы операциянын бир бөлүгү экенин кабарлап, бирок кийинчерек жөө аскерлери Газа тилкесине кирбегенин билдирди.
Аймакта ушул аптанын башында абал курчуп кеткенден бери палестин тараптан кеминде 100 адам каза болду. Алардын ичинде балдар да бар. Израилден жети адамдын мерт кеткени расмий кабарланды.
Израилдеги араб жана жөөттөр аралаш жашаган калктуу конуштарда тиреш күчөп, бир нече адам сабалды. Израилдин коргоо министри Бенни Ганц өлкө ичиндеги коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн коопсуздук күчтөрүн күчөтүлгөн режимге өткөрдү.
Аймактагы куралдуу жаңжал мусулмандардын ыйык майрамы орозо айттын тынчтыкта белгилүүгө тоскоол болду. Эл аралык коомчулук жаңжалды тезинен токтотууга чакырууда. БУУнун Коопсуздук кеңеши 16-майдагы жыйынында Жакынкы Чыгыштагы соңку абалды талкуулаганы жатат.