Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

HRW казак бийлигин сатирик блогерге басымды токтотууга чакырды


Темирлан  Енсебек сурактан чыккандан кийин. Алматы, 15-май 20221-жыл
Темирлан  Енсебек сурактан чыккандан кийин. Алматы, 15-май 20221-жыл

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоочу уюм Казакстандын бийлигин "Инстаграмдагы" сатирикалык Qaznews24 баракчасынын авторуна каршы “негизсиз ишти” токтотууга чакырды.

Өткөн аптада полиция Темирлан Енсебектин үйүн тинтип, телефонун, ноутбугун алып кеткен жана өзүн суракка чакырган. Ал “жалган маалымат таратуу” иши боюнча күбө катары өтүп жатат. Юристтер блогердин макамын “шектүү” дегенге өзгөртүү оңой дешет.

Полиция сатирикалык постторунда ал “бурмаланган маалыматтарды берип, элде туура эмес ой жараткан” деп эсептейт. Енсебек мындай дооматты четке кагып, постторунда “реалдуу адамдарга окшоштуктар дал келүүчүлүк” деп эскертип турганын белгилейт.

Бир катар медиа уюмдар аны куугунтуктабоого чакырып, бийликке кайрылышкан. Алар "сатира – кылмыш эмес" деп айтышат.

Буга чейин "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Енсебектин ишине кайрылып, казак бийлигин “сөз эркиндигин урматтоого” үндөгөн.

XS
SM
MD
LG