Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Коронавирустан дагы сегиз бейтап көз жумду


Илдетти аныктоочу тест жабдуулары.
Илдетти аныктоочу тест жабдуулары.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 25-майда берген маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап каза болду. Алардын баары Бишкекте.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсепте 1765 кишиге жетти.

Соңку бир күндө дагы 298 адамга илдет жукканы аныкталды.

Расмий маалыматка караганда, ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 000​ адам жугузуп алды. Алардын 96 433ү айыкты.

Өлкөдө 29-марттан бери Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Жарандардын 72 миңден көбү вакцина алды.

Көз карандысыз адистер элдин баары эле дарыгерлерге кайрылбай турганын белгилеп, коронавирус жуккандардын жана көз жумгандардын саны расмий эсептен көп болушу мүмкүндүгүн божомолдошот.

XS
SM
MD
LG