Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Алматы-Минск аба каттамы 31-майда ишке кирбейт


Алматы шаарынын аэропорту
Алматы шаарынын аэропорту

Казакстандык "Air Astana" авикомпаниясынын Алматы-Минск каттамын ишке киргизүү токтотулду. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттар компаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты. 31-майда башталат деп пландалган рейс эмне үчүн аткарылбай калганы такталган жок.

Маалыматтарга караганда, 24-майда Казакстандын Өнөр жай министрлигинин басма сөз катчысы Мадияр Уакпаев Беларустун үстүнөн учуу маселеси мекеме аралык комиссиянын кароосуна коюларын билдирди.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган.

Эртеси, 24-майда Евробиримдиктин саммитинде беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу чечими кабыл алынды. Лидерлер ошондой эле авиакомпанияларды мүмкүн болушунча Беларустун үстүнөн учпоого чакырышты.

Ал ортодо Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөткө Беларус менен аба каттамды толук үзүү жана ал өлкөнүн аба мейкиндигин кыйгап учуу чечимин даярдоо тапшырмасын берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG