Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

ЖК комитети Бакудагы элчиликке Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду


Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчилик кызматына юрист Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду.

48-жаштагы Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2016-жылдан бери иштейт. Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор.

Азербайжанда Кыргызстандын элчилиги 2014-жылы ачылган. Ал эми Кыргызстанда Азербайжан элчилиги 2007-жылдан бери иштейт.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака тууралуу так маалымат жок. 2010-жылдары Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кабарланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG