Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Аспековдун ишинде күбөлөр көрсөтмө бере баштады


Мелис Аспеков. Биринчи май райондук сотунда. 21-май, 2021-жыл.
Мелис Аспеков. Биринчи май райондук сотунда. 21-май, 2021-жыл.

15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун үстүнөн “Опузалап талап кылуу” беренеси менен козголгон иш боюнча соттук отурум уланды. Шектүү сотко №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты. Жараянда Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” билдирди.

“2020-жылы ноябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Василий Дашков жумуштан кетсин, камалсын деп митинг кылганбыз. Садыр Жапаров “митинг кылган балдарды алып кел” деп айтыптыр. Анан бизди Мелис Аспеков Жапаров менен жолуктурган”.

Ал андан кийин Мелис Аспеков менен жолукпаганын айтты. Райондук соттун басма сөз кызматы кийинки соттук отурум 22-июнга белгиленгенин кабарлады.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон. 8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына Садыр Жапаров шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазган. Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги Аспековдун билдирүүсүн иликтеп-тергей баштаган. 38 жаштагы Аспеков былтыр октабрдагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG