Кыргызстандык режиссерлордун эки кыска метраждуу тасмасы Татарстанда өтүүчү XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалына катышат.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Режиссер Айпери Усманованын «Кыз бала» жана Лунара Жээнбекованын «Эгиздер тогуздан кийин» аттуу кыска метраждуу тасмаларында өлкөдөгү социалдык абалга чырмалышкан адам тагдырлары көрсөтүлөт.
"Кыз бала" тасмасынын каарманы - айылда чоң ата, чоң энеси менен жашаган алты жаштагы Ажар аттуу кыз. Сюжетте аны алдыда кыйын күндөр күтүп турганы баяндалат.
Ал эми "Тогуздан кийинки эгиздер" тасмасында режиссер өлкөнүн алыскы аймагында жашаган көп балалуу үй-бүлөнүн турмушун чагылдырган.
XVII эл аралык мусулман тасмаларынын фестивалы 2021-жылдын 5-10-сентябрында Татарстандын борбору Казань шаарында өтөт. (MZh)
Facebook шеринеси