Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Кыргызстанда профессионалдык бокс федерациясы ачылды


Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясынын белгиси.

Дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Клим Тё жана коомдук ишмер Эркин Асрандиевдин демилгеси менен Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясы ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Орзубек Назаров маалымдады.

Анын айтымында, федерациянын максаты өлкөдө профессионалдык боксту өнүктүрүү, эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана кыргызстандык мушкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо болуп саналат.

“Биздин өлкө совет учурунда бокс мектеби менен таанылган. Азыр дагы башка мамлекеттин спортчуларына атаандаш боло турчу таланттуу спортчуларыбыз бар. Аларга колдоо, уюштуруу жана материалдык жардам керек. Мамлекеттин чамасы чектелүү болгондуктан федерация көмөкчү болот”, - деди Назаров.

Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясынын президенти болуп Эркин Асрандиев шайланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG