Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Путин досу, ишкер Ковальчукка жогорку даражалуу орден ыйгарды


Юрий Ковалчук
Юрий Ковалчук

Орусиянын президенти Владимир Путин досу, ишкер Юрий Ковальчукка IV даражадагы “Мекен алдындагы кызматы үчүн” орденин ыйгарды. Бул тууралуу жарлык укуктук маалыматтар порталында жарыяланды. Forbes журналынын эсеби боюнча 3 миллиард доллардан ашык байлыгы бар Ковальчук жарлыкта “коомдук ишмер” катары көрсөтүлгөн. Ал сыйлыкты Орусия аннексиялап алган Крымда социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым кошкону үчүн алганы көрсөтүлгөн. Ишкер жарым аралдагы шарап заводдоруна жана бир нече туристтик обьектиге ээлик кылат.

Юрий Ковальчук орус президенти Владимир Путиндин досу. Ал 1990-жылдардын башында Путин жана башка бир нече адам менен Ленинград облусунда “Озеро” деп аталган кооператив түзүшкөн. Ага мүчө болгондордун баары Владимир Путин бийликке келген соң абдан байып же жогорку кызматтарды ээлешти.

Ковальчук “Россия” банкынын негизги акционерлеринин бири. 2014-жылы Москва Крымды аннексиялаган соң ишкер жана ал ээлик кылган банк АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин билдирүүсүндө Юрий Ковальчук Владимир Путиндин “жеке кассири” катары көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG