Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

"Олимпиада айылында күндө катаал текшерүү, чектөөлөр көп"

Токиодогу Олимпиада айылы.
Токиодогу Олимпиада айылы.

Соңку суткада Жапонияда вирусту жуктуруп алгандардын рекорддук саны (10 миңге чукул) катталды. Бирок Токиодогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары кырдаал көзөмөлдө деп ишендирүүдө.

Эл аралык олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс журналисттерге маалымат берип жатып, азыркы учурда дүйнөдөгү коронавируска каршы эң катаал чаралар олимпиадалык объектилерде көрүлүп жатканын айтты. Ушул кезге чейин Олимпиада айылынан 193 кишиден вирус табылган. Анын жыйырмасы спортчулар.

Пандемиянын оор шартында өтүп жаткан жайкы оюндардагы жалпы маанай тууралуу Токиодо жүргөн кыргызстандык делегациянын пресс-атташеси Кабыл Макеш менен маектештик.

- Кабыл мырза, саламатсызбы. Токиодогу Олимпиада айылындагы маанай кандай?

- Саламатсыңарбы, маанай жакшы эле. Эң негизгиси абдан көп текшерүүлөр болуп жатат. Эртең менен эрте Олимпиада айылында жашагандар - атлеттер, машыктыруучулар, расмий делегациянын мүчөлөрүнүн баары текшерүүдөн өтүп, шилекейден анализ алып жатышат.

- Акыркы кабарларда Жапонияда коронавирусту жуктуруп алгандар саны өсүп кеткенине кабатырлануулар айтылды. Ал тургай Токиодогу Олимп оюндарынын фаворити саналган америкалык жеңил атлет (бийиктикке секирүү) Сэм Кендрикс коронавирустан улам мелдештен четтеп калды. Вируска байланыштуу катуу чаралар киргизилгенин айтып жатасыз. Сүрөттөп берсеңиз, ошол катаал эрежелер дегенде кандай болуп жатат?

- Учактан түшкөндө эле бардык делегация мүчөлөрүн текшерүүдөн өткөрүштү. Анкеталык маалыматтарды дагы алышты. Андан тышкары биздин вакцина алганыбыз боюнча сертификаттарыбызды көрдү. Мурда Бишкектен тапшырышкан ПЧР тесттин баарын тактап, өздөрү да анализ алып, ошондон кийин гана Олимпиада айылына жайгаштырды. Ал жерде болсо баарыбыз беткап кийип жүрөбүз.

Жогоруда айткандай, күн сайын анализге шилекейибизди тапшырып жатабыз. Ошонун жыйынтыгы жакшы болгондо, инфекция жок экени аныкталганда анан Олимпиада айылына кайра жиберип жатат.

Мелдештерге барып жатабыз. Мен болсо кыргызстандык спортчулардын машыгуу залдарына чейин барып, кабар алып жатам. Башка мелдештерге дагы барганга аракет кылып көрдүм. Бокс боюнча мелдешке бардым. Себеби, менин аккредитациям бардык оюндарга катышканга укук берет. Бирок бүгүн гандбол боюнча Испаниянын командасында ойногон Алекс Дүйшөмбаевдин оюнун көрүп келейин деп аракет кылдым. Мени автобуска салбай коюшту. “Кыргызстандын командасы бул мелдешке катышкан жок. Сизге барганга болбойт” дешти. Ушундай чектөөлөр катуу болуп жатат. Бардык жерде текшерүү. Тамакка барганда дагы колкап менен жейсиң. Ал тургай мелдешке барганда дагы биз туруп кеткенден кийин орундуктарды дезинфекциялап, жууп-тазалап жатышат.

- Мындай катаал чара, текшерүү, коронавирус коркунучу спортчулардын маанайына кандай таасирин тийгизүүдө?

- Чынында эле спортчулардын маанайына терс таасирин тийгизген жагдайлар болуп жатат. Себеп дегенде, ашыкча көп текшерип жатышат. Андан сырткары машыгууга Олимпиада айылындагы гана спорт залдарга барып жатышат. Мурунку Олимп оюндарында шаар кыдырып, ар кандай тарыхый жайларга барышып, бош убактыларын пайдалуу өтөрүшчү. Азыр болсо бардык жерде чектөө болуп, шаарга эч кимди чыгарбай жатышат.

Кабыл Макеш.
Кабыл Макеш.

Олимпиада айылы өзүнчө эле чоң шаарча. Бул жерде бардыгы бар, паркы, дүкөндөр, эс ала турган жайлар. Андан сырткары компьютердик оюндарды ойной турган көңүл ачуучу залдар бар. Бирок чакан болгондуктан, кезек күтүп калгандар болууда.

- Кыргызстандыктар абдан күтүп жаткан мелдештер ушул аптанын соңунда башталганы турат. Спортчулардын мелдеш алдындагы маанайы кандай болду экен? Жолугуп сүйлөшө алдыңызбы?

- Ооба, машыгууларына бирге барып, айрымдары менен пикир алыштык. Маанайлары жакшы. Бүгүн балбан кыздарыбыз машыгууга барды. Аларды коштоп улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы устат Нурбек Изабеков дагы барды. Ошол жерде башка мамлекеттерден келген балбандар менен бирге чоң залда машыгуу болду. Андан кийин оор атлет Бекдөөлөт Расулбековдун машыгуусун көрүп келдим. Анын дагы маанайы жакшы экен. Күйөрмандардын үмүтүн актасак деп эле турушат.

31-июлда 96 кг. салмакта Бекдөөлөт мелдешке чыгат. Анын салмагында 15 спортчу мөөрөй талашса, анын ону “А” тобундагы балбандар. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 16:50дө башталат. Устаты Өмүржан Молдодосов менен дагы маектештим. “Негизги атаандашыбыз катарлык, анан беларус балбаны” деп айтты. 1-августта кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы мелдешке чыгат. Грек-рим күрөшүнөн жеңил салмакта Жоламан Шаршенбеков күч сынашат.

Айсулуу аттанды, Симона Байлз мелдешке чыкпайт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке катышып жаткан Жапония курама командасынын оюнчусу Мегуми Мураками. Токио олимп оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 24 команда 6 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар кийинки баскычка өтөт.
1/15 Кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдешке катышып жаткан Жапония курама командасынын оюнчусу Мегуми Мураками. Токио олимп оюндарында кум үстүндөгү волейбол боюнча мелдеште 24 команда 6 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар кийинки баскычка өтөт.
Польшалык спортчулар Лукаш Пжибайтек менен Павел Колодзински парус спорту боюнча мелдеш учурунда.
2/15 Польшалык спортчулар Лукаш Пжибайтек менен Павел Колодзински парус спорту боюнча мелдеш учурунда.
Венгриялык суучул Катинка Хоссу.
3/15 Венгриялык суучул Катинка Хоссу.
Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бабанов Токио Олимп оюндарынын коло байгесин утту. Өзбекстандын курама командасы бир алтын, бир коло байге утуп, медалдардын жалпы саны боюнча 28-орунда. 25-июлда өзбекстандык дагы бир спортчу Улугбек Рашитов Олимпиаданын алтын байгесин уткан эле.
4/15 Өзбекстандык дзюдочу Давлат Бабанов Токио Олимп оюндарынын коло байгесин утту. Өзбекстандын курама командасы бир алтын, бир коло байге утуп, медалдардын жалпы саны боюнча 28-орунда. 25-июлда өзбекстандык дагы бир спортчу Улугбек Рашитов Олимпиаданын алтын байгесин уткан эле.
Жапониянын софтбол боюнча курама командасынын оюнчулары Йукико Уено (17) жана Ю Ямамото АКШ курама командасын жеңип алганына кубанууда. Бул беттеште Жапония 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

5/15 Жапониянын софтбол боюнча курама командасынын оюнчулары Йукико Уено (17) жана Ю Ямамото АКШ курама командасын жеңип алганына кубанууда. Бул беттеште Жапония 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз мелдеш учурунда.

Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.
6/15 Спорттук гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Симона Байлз мелдеш учурунда.

Симона 29-июлда өтө турган мелдештен баш тартып, өзүнүн психикалык саламаттыгын чыңдоого басым жасарын жана мындан кийин мелдештерге катышпай турганын айткан. Байлз Рио-де-Жанейродогу жайкы оюндарда төрт алтын, бир коло медал утуп, спорт дүйнөсүн таң калтырган эле.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти.

Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.
8/15 Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти.
Тыныбекова спорттук карьерасындагы үчүнчү Олимп оюндарына өз салмагындагы фаворит катары бара жатат. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунда турат. Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда.
Пандемиядан улам бир жылга кечиктирилген Олимп оюндары катаал чектөөлөр менен өтүп жатат. Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.

29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган.
9/15 Пандемиядан улам бир жылга кечиктирилген Олимп оюндары катаал чектөөлөр менен өтүп жатат. Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.
29-июлга карата Олимп оюндарына аккредитациядан өткөн 193 адамдын коронавирус аныкталган.
Португалиялык Родриго Торрес Фогосо аттуу күлүгү менен Олимп оюндарындагы ат спорту боюнча мелдештерге катышууда.
10/15 Португалиялык Родриго Торрес Фогосо аттуу күлүгү менен Олимп оюндарындагы ат спорту боюнча мелдештерге катышууда.
Суу полосу боюнча Венгриянын кыз-келиндер курама командасы АКШнын курама командасын утуп алганын майрамдоодо.
11/15 Суу полосу боюнча Венгриянын кыз-келиндер курама командасы АКШнын курама командасын утуп алганын майрамдоодо.
Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Имам Хатаев  казакстандык мушкер Бекзад Нурдаулетов менен беттеште.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок.
12/15 Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан мушкер Имам Хатаев  казакстандык мушкер Бекзад Нурдаулетов менен беттеште.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына бир да мушкер жолдомо ута алган жок.

Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

13/15

Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.

Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.

Швейцариялык Жоланда Нефф тоо велосипеди боюнча аялдар арасындагы жарышта  экинчи орунду ээлеген Сина Фрей, үчүнчү орунду алган Линда Индергандды кучактап кубанууда.
14/15 Швейцариялык Жоланда Нефф тоо велосипеди боюнча аялдар арасындагы жарышта  экинчи орунду ээлеген Сина Фрей, үчүнчү орунду алган Линда Индергандды кучактап кубанууда.
Румыниялык спортчулар Анкута Боднар менен Симона-Геанина Радистин Олимпиаданын алтын медалын тагынып жаткан учуру. Алар кайык менен сууда сүзүү боюнча жарышта чемпион болушту.
15/15 Румыниялык спортчулар Анкута Боднар менен Симона-Геанина Радистин Олимпиаданын алтын медалын тагынып жаткан учуру. Алар кайык менен сууда сүзүү боюнча жарышта чемпион болушту.
Артка
Алдыга

• 16x9 Image

Айбек Абдылдаев

"Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG