Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:23

COVID-19: Мектептерди ачуу маселеси "Август кеңешмесинде" чечилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептерди ачып, балдарды реалдуу шартта окутууга өтүү ыктымалдыгы боюнча маселе мугалимдердин “Август кеңешмесинде” талкууланат. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди:

“Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге “Август кеңешмесине” даярдык жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги реалдуу шартта окууга даярдыгы каралууда”.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкө боюнча бул вирус дээрлик 165 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG