Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Өзбекстанда жол торогондордун көбү камалды


Өзбекстандын Анжиян шаардык соту облустук акимчиликтин алдында нааразылык акциясын уюштуруп, жол торогондордун көбүн 15 суткага чейин камады.

31-июлда облус акими Шухрат Абдурахмановдун кабыл алуусуна кире албаган аялдар тобу нааразылык иретинде жол тосушкан эле. Жергиликтүү милициянын маалымдашынча, тургундарды ал күнү акимдин орунбасары кабыл алмак, бирок алар аким менен жолугууну талап кылышкан.

Шаардык милиция жол тосууга байланыштуу тергөө жүргүзүп, ишти дароо сотко өткөргөн.

Сот Админстративдик кодекстин негизинде чечим чыгарып, 15 аялга жана эки эркекке жаза чегерди. Алардын 11и камалып, төртөө айып пулга жыгылды.

Июлда Кашкадарыя облусунда электр энергиясына байланыштуу нааразалыкка чыккандар Ташкенттен келе жаткан "Афросиёб" ылдам поездинин жолун торогон. Анда тогуз киши 15 суткага камалып, төртөө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG