Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Жаңы-Өзөндө кенчилер кайрадан иш ташташты


Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында мунай ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосу уланууда.

АBUEV GROUP сервистик компаниясы жана "Емир-ойл" мунай ишканасынын жумушчулары маянаны көбөйтүүнү жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылышууда. Төрт күндөн бери уланып жаткан акциянын катышуучулары менен ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү акимчиликтин өкүлдөрү жолуккан. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан эмес.

Казакстандын Маңгыстау аймагында мунай компанияларынын жумушчулар улам-улам акцияга чыгып, жумуш шартын жакшыртууну талап кылышат. Бирок бийлик органдары буга көңүл бурбай келет.

2011-жылы 16-декабрда Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында жапырт башаламандык чыгып, анда мунайчылар менен полиция кагылышкан. Анда ондогон киши набыт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG