Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

АКШ жана Британия талибдерди аскердик кылмышка айыптады


Ооганстан
Ооганстан

АКШ жана Британия “Талибан” кыймылын “аскердик кылмышка” айыптады.

“Спин-Болдак, Кандагарда талибдер өч алуу максатында ондогон жайкын тургундарды өлтүрүшкөн”-деп эки өлкөнүн элчиликтери “Твиттерге” жарыялашты.

Батыш дипломаттары Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын жаңы баяндамасына таянууда. Анда Пакистан менен чек арадагы Спин-Болдакта согушкерлердин кылмыштары жөнүндө жазылган.

Элчиликтер “Талибандын” жетекчилиги бул кылмыш үчүн жоопко тартылышы керектигин белгилешкен. “Азыртадан согушкерлериңерди көзөмөлдөй албасаңар, мындан аркы абал жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес”- деп айтылат элчиликтердин билдирүүсүндө.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин “Талибан” кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Өлкөдө зордук-зомбулук күчөп, ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG