Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Эки чет элдикке Орусияга кирүүгө 50 жылга тыюу салынды


Владимир Путин. Орусиянын президенти.
Владимир Путин. Орусиянын президенти.

Ички иштер министрлиги Азербайжандын Беларустагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзаде менен Казакстандын жараны Куат Ахметовго Интернетте “улут аралык кастыкты козутканы үчүн” Орусиянын аймагына кирүүгө 50 жылга чейин тыюу салган чечимди кабыл алды.

Буга чейин Азербайжандын Беларустагы, Молдовадагы жана Пакистандагы мурдагы элчиси Исфандияр Вагабзаде телеканалдардын биринен Орусиянын Мамдумасынын ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновскийди “карыган эшек” жана “чочко” деп атаган.

“Силердин сасыгыңар бүт дүйнөгө тарады. Чыдап мүмкүн эмес”, – деген болчу Вагабзаде.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ал дипломатиялык кызматтан 2016-жылы эле кеткенин жүйө кылып, анын бул видео тасмасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Казакстандын жараны, блогер Куат Ахметовдун Нур-Султандагы дүкөндөрдүн бирине барып, сатуучулардан казак тилинде гана сүйлөшүн талап кылган видео тасмасы социалдык тармактарга тараган.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Орусияга жана анын жарандарына каршы бейбаштык аракеттерге чакырык кылган адамдар бул өлкөнүн аймагына киргизилбей турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG