Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Суусамырдагы жол кырсыгы тогуз кишинин өмүрүн алды


Чүй облусундагы кырсык болгон жер. 20-август, 2021-жыл.
Чүй облусундагы кырсык болгон жер. 20-август, 2021-жыл.

Соңку бир апта ичинде Кыргызстанда жол кырсыктарынан 18 киши өмүр менен кош айтышты. Өлкөдө акыркы күндөрү автокырсыктар кескин көбөйгөнү байкалууда. 

Бишкек-Ош авто жолунун 201-чакырымында, Суусамыр өрөөнүндө 23-августта болгон жол кырсыгы тогуз кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү машинелер кагылышкан.

Окуя болгон жерде жан берген тогуз кишинин алтоо аял, экөө эркек, бири наристе. Жабыркаган дагы бир кишинин аты-жөнү такталып жатат. Кырсык түштөн кийин болгон.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн автоунаадан чыгарып милицияга өткөрүп беришкен. Маркумдардын аты-жөнү такталууда.

16-августка караган түнү да Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун Корумду аймагындагы кырсыктан үч адам өлгөн. Тогуз киши ооруканага жеткирилген.

17-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу "Мерседес-Бенц-Спринтер" менен жүк ташуучу машине кагылышып, дагы беш киши каза болду. Жүргүнчү ташып бараткан автоунаада ондон ашык адам болгон, каза болгондон калгандары ар кандай жаракаттарды алышты.

20-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында катталган жол кырсыгынан төрт киши көз жумган. Кырсыкка Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөнү себеп болгон. Ушул эле күнү баш калаа Бишкекте катталган жол кырсыгынан бир адам көз жумду.

Бул сандар 15-августтан же бир жумадан берки кырсыктан курман болгондордун гана эсеби.

Статистика боюнча жалпысынан Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 390дон ашык адамдын өмүрүн алды. ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаевдин айтымында, каза болгондордун 44ү балдар:

“Дээрлик 85% айдоочунун күнөөсү. Автомашинаны жогорку ылдамдыкта айдаганы, жолдун каршы тилкесине чыкканы, автомашинасынын техникалык абалы, мас абалда рулга отурганы себеп болууда. Жакында Чырпыктыда беш адамдын өмүрүн алган кырсыкта эки айдоочу тең мас абалда экен. Кубакы ашуусунда жети адам каза болгон кырсыкта транспорт каражатынын техникалык абалы талапка жооп бербегендиги”.

ИИМ жол кырсыктарына айдоочулардын мас абалда рулга отурганы биринчи жана негизги себеп экенин белгилеп, экинчиден, машинени катуу ылдамдыкта айдоо да опурталдуу экенин эскертип келет. Үчүнчү себеп катары айдоочунун окуусун окубагандар, тийиштүү тажрыйба албагандар экени белгиленген. Дагы негизги себептер катары айдоочу жолго чарчаган абалда чыгып алганы, автоунаалар ортосундагы аралык сакталбаганы айтылат.

Расмий маалыматка таянсак, 2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы, анын 2925и жети айда катталган. 754 адам каза болгон (анын 93ү бала), алардын 324ү (анын 34ү балдар) жети айда катталган.

2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG