Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Октябрдагы өлүм менен аяктаган тополоң, сотко нааразылык


Аксы району, Кербен шаары.
Аксы району, Кербен шаары.

Аксыда 2020-жыл 7-октябрдагы жарандар ортосундагы жаңжалдан Уланбек Жаманкулов каза болгон.

7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган эл эки жаат болуп мушташып, алты адам ооруканага түшкөн. Жаңжалдан кийин жараат алгандардын бири ооруканада каза болгон. Маркумдун айылдаштары жана жакындары бул окуянын уюштуруучулары 16-августта жеңил жаза менен абактан чыгып кеткенин айтып чыгышты. Ал эми экинчи тарап баары мыйзамдуу болгонун жана шектүүлөр ансыз да 8 ай бекер эле камакта жатканын билдиришүүдө.

2021-жылдын 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы үчүн болжол менен 500дөй киши топтолгон. Ошол окуяда бир жаран катуу жаракат алып, Бишкектеги ооруканалардын биринде башынан операция жасатып, андан көп өтпөй каза болгон. Маркум 41 жаштагы Уланбек Жаманкуловдун артында келинчеги, төрт баласы калды.

Окуядан бир топ убакыт өткөндөн кийин калайман мушташка катышы бар деп үч жаран камакка алынган. Алардын бири тез эле үй камагына чыгарылган. Убактылуу кармоочу жайда отурган экөө да 2021-жылдын 16-августунда үй камагына чыккан. Бул соттун чечимине маркум Уланбектин келинчеги Нургүл Аргынбаева нааразы.

Нургүл Аргынбаева.
Нургүл Аргынбаева.

"Уланбек Бишкек шаарында дарыланып жаткан. Анын өлүмүнө башынан алган жарааты себеп болгон дешти. Арадан бир нече ай өткөндөн кийин тополоңду уюштурган жарандар сот тарабынан кое берилгени туура болгон жок. Бизге экинчи тарап акча да сунуштап, ишти жаап коюну айтышканда макул болбодук. Акыйкаттык болсун, кылмыш кылгандар жазасын алсын деп. Эми минтип сот кое берип отурат. Алар адам өлтүрүп эркиндикте жүрө берсе болобу? Биз азыркы бийлик акыйкатык үчүн күрөшөт деп ишенген элек. Уландын артында төрт баласы жетим калды.”

Жабырлануучу тарап Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу ата-бала Жылдызбек менен Тургунбек Шадыбековду, алардын айылдашы Кутман Шадыбековду күнөөлөп келет.

Маркумдун бир тууган эжеси Жумагүл Жаманкулова инисинин өлүмүнө тиешеси бар адамдар жазасын албастан, эркиндикке кое берилди деген ойдо. Ал милицияга тополоңдогу видео материалдар да берилгенин, чындык болот деп ишеним артып келгенин айтууда.

Уланбек Жаманкуловдун бир тууган эжеси Жумагүл Жаманкулова
Уланбек Жаманкуловдун бир тууган эжеси Жумагүл Жаманкулова

“Окуяны жаап-жашырыш аракеттер болуп жатат. Мен жалпы бийликтегилерге айтар элем, бул окуяга кайдыгер карабай жардам бергиле. Мен ишенген жаңы бийлик да ишеничтен чыкты. Ташиевге кайрылам, бул иш боюнча жакшылап көзөмөлгө алсын. Биз чындык орнотот деп ушул Жапаровдун бийлигин алып келген элек. Кайра карапайымдардын талабын талаага таштап жатат”.

Аксыдагы тополоңго катышы бар деп милиция үч жаранды кармаган. Алар - Шадыбеков Жылдызбек, Шадыбеков Кутман жана Шадыбеков Тургунбек. Айыпталып жаткандарды сот Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү ("Ээнбаштык") менен күнөлүү деп таап, Жылдызбек Шадыбековду эки жылга, ал эми Кутман жана Тургунбекти 4 жыл эркинен ажыраткан. Бирок, айыпталып жаткан Жылдызбек Шадыбековго 83-берененеи колдонуу менен бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган. Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов ушул эле 83-беренени колдонуу менен берки шектүүлөр үй камагына чыгарылганын айтты.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов

“Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 16-августундагы өкүмү менен айыпталуучу кылмыштын курамы болбогондуктан акталган. Үчөө тең 266-берененин 1-бөлүгү("Ээнбаштык") менен күнөлүү деп табылып, экөө төрт жылдан бирөө эки жыл абакка кесилген. Андан соң Жазык кодекстинин 83-беренесин колдонуу менен бир жылдык жана үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган. Биринчи инстанциянын өкүмүнө нааразы тарап апелляциялык тартипте кайрылууга укуктуу.”

Айыпталып жаткандардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Жылдызбек Шадыбековдун “ишенимдүү өкүлүмүн” деген бир тууган иниси Оролбек Шадыбеков жабырлануучу тараптын айткандары менен макул эмес. Ал тополоң болгон күнү токмок жеп, кийин ооруканада каза болгон Уланбек Жаманкуловдун өлүмүнүн себебин башка жагдайдан көрөт:

Оролбек Шадыбеков көрсөткөн маркум Уланбек Жаманкуловдун ден соолугун көзөмөлдөн өткөргөн ЮРФАнын кортундусун
Оролбек Шадыбеков көрсөткөн маркум Уланбек Жаманкуловдун ден соолугун көзөмөлдөн өткөргөн ЮРФАнын кортундусун

“Маркум Уланбек Жаманкулов токмоктон эмес, дарыгерлердин катасынан каза болгон. Анткени, Аксыдагы оорукана жана Жалал-Абадда чыккан анализдери маркумдун ден соолугу канаттандыраарлык деген экен. Алар болсо Бишкекке алып барып маркумдун башына операция жасатып, андан кийин коронавирус жугузуп алгандыктан каза болгон. Дагы бир жагдайды айта кетиш керек. Маркум өлгөндө экспертиза жүргүзгөндөн кийинки кортундусунда Уланды башынан катуу жараат алган деп жазып салыптыр. Биз "ЮРФА" клиникасындагы магниттик томографиянын корутундусун тиркеп туруп бул чечимге келишиңер керек эле деп сурасак, алар дарыгер жазган боюнча чыгардык дейт. Ал эми бизде маркум Уландын анализдеринин кортундулары бар. Анда башындагы жарааты оор эместиги, операция кылбай эле дарыласа болоору жазылган экен”.

Оролбек Шадыбеков үй камагына чыккан жакындарынын Кербендеги тополоңго тиешеси жок деп эсептейт. Ал чогулган эл, эски бийликтин башкаруусуна каршы чыгып, акыйкаттык үчүн шаардын борборуна чогулганын билдирди. Жабыркаган тараптын “Шадыбековдор соттук иштерде бийлик төбөлдөрү менен сүйлөшүп алып жеңил жаза менен камактан чыгып кетишти” деген дооматтарын четке какты.

Оролбек Шадыбеков.
Оролбек Шадыбеков.

“Биз бардык далилдер менен мыйзамга ылайык чыгарып алдык. Алар айтып жаткан акчаларды эч кимге сунуштаган же берген жокпуз. Айыпсыз эле жакындарым 9 ай жатышты. Акыры акыйкаттык болуп үйлөрүнө келишти. Аларды айыптуу деп тапканы да туура эмес болду. Алар акталып чыгышы керек эле. Биз эч кимге акча берип же сүйлөшкөн эмеспиз. Тескерисинче, алар "Ташиевге айтабыз, таанышыбыз" деп айтып жатышат эле. Эми болсо ал айткандарын бизге оодарып жатышат.”

2020-жылы октябрдагы шайлоодон кийинки тополоң Кыргызстанда бийлик алмашуу менен аяктаган. 6-7-октябрь күндөрү өлкөдөгү бир катар район, шаарларда да аким менен мэрлерди алмаштыруу үчүн эл топтолгон. Аксыда да акимчиликтин алдына чогулгандар мушташып, анын арты кандуу окуя менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG