Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдардан арыздар кабыл алына баштады


БШК имараты.
БШК имараты.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бере баштады. 13-сентябрга карата, БШК билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөн Арсланбек Малиевден, Акылбек Сариевден жана Атамша Дурсуновдон арыз түштү.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы катоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык боло элек.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG