Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Мурдагы вице-премьер Алмазбек Баатырбековдун соту жылды


Алмазбек Баатырбеков парламентте. (архивдик сүрөт)
Алмазбек Баатырбеков парламентте. (архивдик сүрөт)

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Кумтөр иши" боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат Алмазбек Баатырбековдун иши каралбай калды. Буга айыпталуучунун адвокаты менен мамлекеттик айыптоочу сотко келбей калганы себеп болду.

Натыйжада соттук териштирүү 12-октябрга жылды.

"Кумтөр иши" боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутаттар Алмазбек Баатырбеков менен Исхак Пирматовдун соту 1-сентябрда башталган. Биринчи май райондук соту Исхак Пирматовду "Коррупция" беренеси боюнча айыптап, 300 миң сомдук доого жыккан чечим чыгарган.

"Кумтөр иши" боюнча он беш чакты адамга кылмыш иши козголгон. Алардын айрымдары абакка камалган. Кээ бирлери саламаттыгына байланыштуу, кээ бирөө тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.

Алмазбек Батырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин, 2013-2015-жылдары Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеген. 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

2021-жылы 9-июнда УКМКда сурак бергенден кийин камакка алынган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG