Ош шаарында 15 жаштагы кыз 2021-жылдын 19-августунда эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен төрөтканага барып көз жарган.
Анын жашы жете элек өспүрүм экени 29-сентябрда баласына документ алганы келгенде аныкталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева кабарлады.
“Кыз төрөгөнү келгенде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө 2002-жылкы деп турган. Уул төрөп, ооруканадан баласына документ албай чыккан. 29-сентябрда мен да Ошто иш сапарда жүрүп, бул окуяга өзүм күбө болдум. Кыздын энеси балага документ алганы төрөтканага келип, анын 2006-жылкы кызы 2002-жылкы кызынын документи менен келип төрөгөнүн билдирген. Биз дароо ички иштер органдарына кабар берип, териштирүү башталды. Төрөткана аялдарга чукул жардам берип, төрөтөт. Анын кандай шартта кош бойлуу болуп калганын ички иштер органдары териштирет”., - Раиса Асылбашева.
Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматованын айтымында, көз жарган кыз салмагы 3,8 кг. уул төрөгөн.
Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында кош бойлуулук көбөйүп жатканын адистер айтып келет. 2018-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 554, 2015-жылы 1060 өспүрүм кыз көз жарган. (BCh)
Facebook шеринеси