Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Санкт-Петербургда коронавируска каршы жаңы чектөөлөр киргизилет


Санкт-Петербург шаарындагы борбордук көчөдө "Алоо кызыл жел кеме" майрамы белгиленүүдө. Июнь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Санкт-Петербург шаарындагы борбордук көчөдө "Алоо кызыл жел кеме" майрамы белгиленүүдө. Июнь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Санкт-Петербургда жергиликтүү бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында чектөөлөрдү катаалдатууга даяр.

Бул тууралуу шаардын губернаторунун орун басары Борис Пиотровский маалымдады. Анын айтымында, 1-ноябрдан тартып 40тан ашуун киши катышкан чоң спорттук же маданий иш-чараларга катышуу үчүн адамдар QR штрих кодун көрсөтүшү керек. Толук эмдөөдөн өткөн же акыркы 72 саатта COVID-19 вирусу жоктугун тастыктаган тестти көргөзгөн адамдар QR кодун алууга укуктуу болот.

15-ноябрдан тарта чектөөлөр бассейндерге, фитнес борборлорго, театрларга, кинотеатрларга, музей жана цирктерге да колдонулат.

5 миллионго жакын калкы бар шаарда чектөөлөр ресторандарга жана көпчүлүк дүкөндөргө 1-декабрдан тарта киргизилет. Станциялардагы жана аэропорттордогу кафелер, дарыканалар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр чектөөлөрдөн бошотулат.

Санкт-Петербург коронавирус жукканы жаңы аныкталгандардын саны боюнча Москвадан кийинки экинчи орунда турат.

Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны беш күн катары менен эң жогорку чекти көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап COVID-19дан көз жумду.

Ушуну менен Орусияда коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG