29-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабат. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын көп жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7…12;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 9…14;
Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 10…12 градус жылуу болот.