Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Азери парламенти Армения менен согуштун бир жылдыгын утурлай мунапыс мыйзамын жактырды


Тоолуу Карабак, иллюстарциялык сүрөт
Тоолуу Карабак, иллюстарциялык сүрөт

Азербайжан парламентинин депутаттары Армения менен Тоолуу Карабак үчүн 44 күндүк согуштун бир жылдыгын утурлай мунапыс тууралуу мыйзамды жактырды.

Милли Мажлистин төрага орун басары Али Хусейнли документте 16 миң кишиге мунапыс берүү, алардын 3 миңден көбүн абактардан бошотуу каралганын билдирди. Дагы 3 миң айыпкердин жаза мөөнөтү кыскартылмакчы. Анын айтымында, амнистия демилгесин президент Илхам Алиев көтөргөн.

Былтыр 10-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ок атышууну токтотууну максат кылган келишимге кол койгон. Москванын арачылыгы менен жетишилген документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын ири бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган. Орусиялык бейпилдик күчтөрү анклавга жана эки өлкөнү байланыштырган Лачин коридоруна жайгаштырылган.

Ереван согушта Армениянын жана Тоолуу Карабактын 3 700дөн ашуун тургуну каза тапканын билдирген. Баку 2 900 кишисин жоготконун айтууда. Азербайжан бийлиги 8-ноябрда Жеңиш күнүн белгилөөнү чечкен.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганы менен, аймакты 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG