Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

12-ноябрь - шайлоочулардын тизмесин тактоочу акыркы күн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 12-ноябрь - парламенттик шайлоодо добуш берүүчү шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактай турган акыркы күн. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, шайлоочуларга тизмеден өздөрүн тактоого 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин убакыт берилген.

Шайлоочулар 1255 же 119 кыска номерине телефон чалып же 119 номерине өзүнүн идентификациялык номерин жиберүү менен СМС аркылуу тизмеден өздөрүн тактап алышса болот. Мындан тышкары шайлоо участогуна кайрылып же tizme.gov.kg сайтынан тактай алышат.

Шайлоочу тизмеде жок болсо же өзү тууралуу маалыматта ката болсо, бул тууралуу добуш берүүгө 15 күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссиясына кайрыла алат.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар добуш бере албайт. Биометрикалык каттоодон өтүүнү каалаган жарандар 12-ноябрда өтүп үлгүрсө болот.

Эл аралык мекемелердин тизмесине киргизилген, Кыргызстанда убактылуу катталган кыргыз жарандары 12-ноябрда тиешелүү шайлоо участогуна тизмеге катталууга үлгүрө алат.

Шайлоочулардын тизмеси ар бир участкалык шайлоо комиссияларында илинген.

Добуш берүүчүлөрдүн эң акыркы - даяр тизмеси 18-ноябрда "Тизме" порталына жарыяланат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш системасы аркылуу парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG