Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Украин акыйкатчысына Саакашвилини көрүүгө уруксат берилбеди


Саакашвилини бошотууну талап кылган акциялардын бири.
Саакашвилини бошотууну талап кылган акциялардын бири.

Украинанын омбудсменине грузин түрмөсүнүн ооруканасында жаткан саясатчы Михаил Саакашвилини көрүүгө уруксат берилген жок.

Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзе 16-ноябрда билдирүү таратып, Украинанын омбудсмени Людмила Денисова Саакашвилинин абалын көрүү үчүн абактын ооруканасына кире албай турганын, андай жагдай “грузин мыйзамдарында каралбаганын” билдирди.

“Эч кандай муктаждык жок жана бизде да андай милдеттенме жок. Саакашвилинин ден соолугу канааттандырарлык жана тынчсыздануу негизсиз”, – деди Брегадзе.

Денисова эми ооруканасынын администрациясы жана дарыгерлери менен жолугуп, Саакашвилинин саламаттыгы тууралуу толук маалымат алууга аракет кыларын билдирди. Ал Тбилисиге бир күн мурун учуп келген.

Буга чейин грузин бийлиги Европанын бир катар саясатчыларына Саакашвилини көрүп чыгууга уруксат берген эмес.

Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти жана азыркы кезде Украинанын жараны. Ал Грузияга 29-сентябрда жергиликтүү шайлоонун алдында барган. Элди шайлоого барууга үндөп, анын эртеси Тбилисинин аянтына чогулууга чакырган. 1-октябрда мурда козголгон кылмыш иштеринин негизинде кармалган. Камакка алынары менен ачкачылык жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG