Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Түркмөн атайын кызматынын колу Түркияга чейин жетти


Нурмухаммед Аннаев жана Азиз Мамедов.
Нурмухаммед Аннаев жана Азиз Мамедов.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өткөн айда Стамбул шаарында түркмөнстандык үч активист ур-токмокко алынганын кабарлаган. Активисттер бул иштин аркасында Түркмөнстандын атайын кызматы турарын айтып чыгышкан.

Стамбул жана Ашхабаддагы жеке булактар "Азаттыкка" активисттердин шек саноосу канчалык мыйзамдуу экени тууралуу маалымат беришти.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айынан бери Түркия-Түркмөнстан ортосунда учак каттамдары токтоп турат. Бирок 16-октябрда Стамбулдан Түркмөнабад шаарына жүк ташыган карго учагы менен 20дай түркмөнстандык учуп кеткени айтылат. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы алардын арасында Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери болушу ыктымалдыгын божомолдойт.

Ал эми "Азаттыктын" Ашхабаддагы жеке булагы Түркмөнабадга 17-октябрда учуп барган 20 кишинин арасында түркмөн активисттерин сабоого шек саналгандарга түспөлдөш кишилерди тааныганын жашыруун айтып берген.

"Алар ошол эле күнү Ашхабадга жөнөп кетишти. Бул абдан таңкалычтуу, анткени Түркиядан келген бардык жарандар, анын ичинде аткаминерлер да үч жума карантинден өтүшү керек. Мисалы былтыр жайында Москвадан кайтып келгенден кийин ал тургай коргоо министри (Бегенч Гундогдыев) да карантинге алынган. Бирок бул талап коопсуздук кызматкерлерине тийиштүү болгон жок. Айтмакчы, алар менен учуп келген 15 адам Түркмөнабадда обсервацияга алынды”, - деп жеке булак билдирди.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын Улуттук коопсуздук министрлигинин беш кызматкери Стамбулда эмне кылып жүргөнү боюнча түшүндүрмө алуу аракетинен майнап чыккан жок. Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугу да бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ал арада "Азаттыктын" Стамбулдагы жана Ашхабаддагы жеке булактарынын айтымында, коопсуздук кызматкерлеринин түркмөн активисттери Азиз Мамедовду, Нурмухаммет Аннаевди жана Бактияр Гурбановду ур-токмокко алууга түздөн-түз тиешеси бар.

Анда Азиз Мамедовдун көзү жарылып, мурду сынган. Бактияр Гурбановдун мойну сынып, мээси чайкалган. Аннаевдин айтымында, бул ишти Стамбулдун Кадыкөй районунун полиция башкармалыгы иликтеп жатат. Полиция жабыркагандар менен байланышып, бирок так маалымат берген эмес.

Нурмухаммет Аннаев болсо "Азаттыкка" сабалган жерден коопсуздук камерасынан видеолорду алганын, анда беш киши үчөөнү аңдып барып кол салганын көргөнүн айтып берген. Аннаев аларды сабаган кишилер баш кийимдерин баса кийип, беткап тагып таанылбоого аракет кылганын кошумчалайт.

Ал арада 30-октябрда түркмөнстандык блогер Шатлык Шыхыев Аннаев менен байланышып, ага таяк жеген жерде жоголгон документтеринин жана ачкычынын сүрөтүн жөнөткөн.

"Азатлык" радиосунун журналисти блогер Шыхыевга чалып, анын колуна Аннаевдин буюмдары кандайча келгенин сураган, ал ага Аннаевдин буюмдары "белекке" берилгенин кыйыткан.

Телеграм баракчасынын сүрөтү. Анда Шыхыев Аннаевге уурдалган ачкычтардын сүрөтүн жөнөткөн.
Телеграм баракчасынын сүрөтү. Анда Шыхыев Аннаевге уурдалган ачкычтардын сүрөтүн жөнөткөн.

"Ооба, сүрөттөрдү мен жибердим. Бирок кантип жибергенимди, кайдан алганымды айтпайм. Балким, бул ачкычтар мага белек катары келгендир. Же балким мен буйрутма кылгандырмын. Мына сизге үч жип, кайсынысы сизге жакса ошону тартып алыңыз", - дейт Шыхыев өзүнүн Ютуб каналында.

“Азатлыктын” жеке булактарынын дагы бири августта Түркмөнстандын бийлиги чет өлкөдөгү түркмөнстандык оппозициячыл активисттерге каршы ар кандай чагымдарды, анын ичинде күч колдонууну даярдап жатканын кабарлаган. Ошондой эле, Ашхабад Анкарадан Түрк Кеңешине кошулууга макулдук берүү үчүн Түркиядагы эң активдүү диссиденттерге каршы чечкиндүү чара көрүүнү талап кылганы да айтылууда.

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлигинин оперативдүү кызматкерлери чындыгында Түркияда адам сабоого катышканы аныкталса, анда бул көрүнүш Жамал Хашогжинин үрөй учурган өлүмүн эске салбай койбойт.

The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген.

Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот отурумунда 11 киши жазага тартылган.

Жыл башында АКШнын Улуттук чалгын кызматы оппозициячыл журналисттин өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси болгонун жарыялаган эле.

Буга чейин Түркияда, Түндүк Кипрде, АКШда жана Орусияда жашаган айрым түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухаммедовду айыптап, нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен. Өзгөчө Түркияда жашаган түркмөнстандыктар коронавирус пандемиясы башталганда Стамбулда жасалма аракка ууланган 56 түркмөнстандыктын сөөгү мекенине жетпей, чет өлкөдө жерге берилгенин белгилеп митинг уюштуруп келишет.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашап, эмгектенери айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG