UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Бишкек шаарында журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү.
Ал жеке жашоосу, спорт жана саясат тууралуу суроолорго жооп берди. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо тууралуу да пикирин айтып, спорт – саясаттан тышкары экенин билдирди.
Өзү Кыргызстандын жараны экенин, ошондуктан шайлоодо добуш бере аларын кошумчалады.
Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда келген. Мекенинде бир жума болорун, бул убакытта туугандары жана күйөрмандары менен жолугарын билдирген.
Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасында эң жеңил салмактагы алты жолку чемпиону.