Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйдү


Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын-Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен өткөн жүк ташуучу автоунаалар көбөйдү. Бул тууралуу 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди.

“Кытай тараптан жүк көбөйүп өтүп жатат. Буга чейин бир күндө 30 машина кирип аткан болсо, азыр ал эки эсеге көбөйүп 57-60 машине кирип атат (ред: ар бир бекеттен). Ноябрь айында Финансы министрлиги бекитип берген тапшырманы аткардык. Кыргыз-казак чек арасында да орчундуу маселе жок”, - деди Мамбетжунушева.

Быйыл 18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекетине барган. Ал "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып, мындан ары жүктөө "Арка" районунда эмес, "Торугарт" өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айткан эле.

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машинелер менен "Торугарт" жана "Эркечтам" аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG