Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Шайлоо: Бир гана тилкеден маалымат келе элек


Добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Добуш кагаздарын кол менен саноо учуру. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалымат 4-декабрь, саат 16:00дөн бери жаңылана элек. Ага ылайык, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99.96% кол менен саналды. 2494 шайлоо участогунун 2493үнөн келген добуштар серверге киргизилген, бир гана участоктун маалыматы жок.

БШК буга түшүндүрмө бере элек. Боршайком мүчөлөрү учурда жыйын өткөрүп жатышканы маалым болду.

Кол санактын акыркы жыйынтыгы боюнча партиялык шайлоо системасы менен “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 17.31% , “Ишеним” 13.63%, “Ынтымак” 10.98% , “Альянс” 8.33% , “Бүтүн Кыргызстан” 7.03% , “Ыйман Нуру” 6.14% добушка ээ болду.

Мыйзамга ылайык, добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өттү. Аралаш системада өткөн шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасында мүчүлүштүк кетип, башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG