Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Өзбек президенти Конституцияга өзгөртүүлөрдү сунуштады


Шавкат Мирзиёев, Нур-Султан, 6-декабрь, 2021-жыл.
Шавкат Мирзиёев, Нур-Султан, 6-декабрь, 2021-жыл.

Өзбекстандын Конституциясынын жаңы долбоору 2022-жылы, Баш мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгынын алдында даярдалып кабыл алынат.

Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Конституциянын 29 жылдыгына карата Өзбекстандын элин куттуктоо учурунда билдирди.

Өзбекстандын 1992-жылы 8-декабрда кабыл алынган негизги мыйзамына соңку 29 жылда 15 жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Президент Шавкат Мирзиёев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу биринчи жолу, өткөн айда, экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин айткан.

Шавкат Мирзиёев 6-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинде "Конституцияны өркүндөтүү" тууралуу айтып, бирок анын кайсы жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилерин тактаган эмес.

Мирзиёев жарыялаган “конституциялык реформа” демилгеси анын президенттик мөөнөттү узартуу жандалбасы деген да сөздөр тарады.

Өзбекстандын азыркы Конституциясына ылайык, бир адам 5 жылдан эки мөөнөткө гана президент боло алат.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрдагы президенттик шайлоодо 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 80,1% добушуна ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланганын билдирди.

Шавкат Мирзиёев эгемен Өзбекстандын 30 жылдык тарыхындагы экинчи президент. Андан мурунку президент Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрында көз жумган. Ага чейин ал төрт жолу президент болуп шайланып, бир жолу жалпы элдик референдумда президенттик мөөнөтүн узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG