Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Грузин бийлиги көз карандысыз көзөмөл органын жоюуну көздөйт


Мамлекеттик инспектор Лонда Толорая. Тбилиси. 28-декабрь, 2021-жыл
Мамлекеттик инспектор Лонда Толорая. Тбилиси. 28-декабрь, 2021-жыл

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жарандардын жеке маалыматтарын коргоону жана кызматтан кыянат пайдалануу учурларын көзөмөлдөгөн көз карандысыз агенттикти таркатып жиберүүнү пландап жатат.

Оппозиция, жарандык коом, АКШ, БУУ парламентке сунуш кылынган жобону сындашууда.

Мамлекеттик инспектордун кеңсеси деп аталган агенттик ушу тапта Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили абакта кыйноого туш болгон деген маалыматты текшерип жаткан.

АКШнын Тбилисидеги элчиси Келли Дегнэн парламентти “шашылыш даярдалган чечимди” кароону токтото турууга чакырды.

Өткөн дем алышта сунуш кылынган жобо шаршемби же бейшембиде мыйзам чыгаруучулар тарабынан каралмакчы.

Мамлекеттик инспектор Лонда Толорая өкмөттү өч алуу аракети үчүн айыптады. Агенттик мамлекеттик органдардын ишин иликтеп, аларга каршы чечим чыгарган учурлар болуп келген.

Экс-президент Саакашвили 50 күн ачкачылык кармап, камакта аны өлтүрөбүз деп коркутушканын, ыдык көргөзүшкөнүн айтууда. Саясатчы октябрда Украинадан кайтып келгенден кийин кармалган. Буга чейин ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылып, сот сыртынан алты жылга эркинен ажыраткан.

Анын кармалышына нааразы болгон тарапташтары бийликке каршы акцияларды өткөрүп келатышат.

XS
SM
MD
LG