Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

АКШда Капитолийге жасалган чабуулга бир жыл болду


АКШнын Капитолий имаратына жасалган чабуул. 2021-жылдын 6-январы.
АКШнын Капитолий имаратына жасалган чабуул. 2021-жылдын 6-январы.

6-январда АКШнын Капитолий имаратына жасалган чабуулга бир жыл болду. Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул датага байланыштуу иш-чарада президент Жо Байден сөз сүйлөп, тополоң үчүн жоопкерчиликти мурдагы президент Дональд Трамп тартарын кайталай турганын билдирди.

Трамп өзү ушул күнгө белгиленген иш-чарага катышпай турганын маалымдады.

2021-жылдын 6-январында мурдагы президент, республикачы Доналд Трамптын тарапташтары АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имаратына бастырып киришкен. Аларды президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Трамп өзү үндөгөн болчу.

Тополоңдо беш адам, алардын ичинде полиция кызматкери каза болуп, 100дөй киши жаракат алган. Алардын кол салуусунун айынан АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул отурумда Трамптын атаандашы, демократ Жо Байден 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкендиги биротоло бекитилгени жаткан.

Бул окуяны АКШнын прокуратурасы менен Конгресстин комитети иликтеген. Конгресс жүздөгөн адамдарды суракка алган. Башкы прокурор Меррик Гарланд 5-январда кабарлагандай, чабуулга байланыштуу 725 адамга айып тагылып, камакка алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG