Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Франция Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө “жылыш” бар экенин маалымдады


Жан-Ив ле Дриан.
Жан-Ив ле Дриан.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө оптимисттик маанай бар экенин маалымдап, бирок “убакыт да аяктап” баратканын билдирди. Бул тууралуу ал 7-январда маалымдады.

“Макулдашууга жетише аларыбызга мурдагыдай эле ишенем. Акыркы күндөрү кайсы бир деңгээлде жылыштар болду. Бирок убакыт деген маанилүү нерсе, эгер биз тез арада келишимге келе албасак, андан ары сүйлөшө турган сөз калбайт”,-деди ал BFM TV жана RMC Radio басылмаларына.

Венада 27-декабрда сөз болгон келишимди жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталган.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кеткенден кийин Тегеран документтин шарттарын аткаруудан бара-бара баш тартып келген. Өзөктүк программасы тынч максаттарды гана көздөрүн кайталаган Иран бийлиги азыркы сүйлөшүүлөрдө Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкцияларды алуу талкууланышы керектигин айтууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG