Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Лукашенко Ташкентти Казакстандагы окуялардан "сабак алууга" чакырды


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 10-январда өткөн кезексиз онлайн сессиясында сүйлөп жатып Александр Лукашенко «Казакстандагы окуялардан эң биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин» билдирди.

Анын айтымында «тышкы күчтөр» эми Өзбекстандагы кырдаалды туруксуз кылууга умтулушу мүмкүн.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаевдин суранычы менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрү кирген. 11-январда казак президенти уюмдун бейпилдик миссиясынын алкагында келген күчтөрү эки күндөн кийин өлкөдөн кете баштай турганын, жараян он күнгө созуларын айтты.

Ал парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын кошумчалады.

Кыргызстан ЖККУнун алкагында 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн жана алар Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон. Уюмга мүчө башка мамлекеттер да аскерлерин жиберген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG