Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Аба ырайы: Кээ бир аймактарда кар жаайт


Кыргызстандагы жайыттардын бири.
Кыргызстандагы жайыттардын бири.

"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 13-январда түнкүсүн жаан, кар жок. Күндүз Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-3, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз +7…+9° градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG