"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 14-январда түнкүсүн жана күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-3, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +10…+12 градуска чейин жылыйт.
Facebook шеринеси