Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Чек ара: "Ак-Тилекте" 70тей жүк ташыган машине кезекте турат


"Ак-Тилек" өткөрмө бекети.
"Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 13-январга карата 70тей жүк ташыган машине кезекте турат. Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.

"Ак-Тилекте" автоунаалардын тыгыны 11-январда байкалган. Чек ара кызматы аны майрамдардан кийинки жүк ташуунун көбөйгөнү жана Казакстандын аймагындагы текшерүү менен негиздеген.

Мекеме кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок экендигин маалымдады.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы соңку окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жатат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG