Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Навальныйды колдогон активист Нидерланддагы орус элчилигинин алдында акция өткөрдү


Александр Кашеваровдун Орусиянын Гаагадагы элчилигиндеги акциясы.
Александр Кашеваровдун Орусиянын Гаагадагы элчилигиндеги акциясы.

Орусиялык активист Александр Кашеваров Орусиянын Гаагадагы элчилигинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды коргоп перформанс стилинде акция өткөрдү. Бул тууралуу Орусияда түзүлгөн жаштардын “Весна” кыймылы кабарлады.

Уюм тараткан сүрөттө Кашеваров Иса пайгамбардын устунга кагылган элесин туурап, өзүнүн башына тикенек зым кийип, колдорун элчиликтин кашаасына байлап койгону көрүнүп турат. Ал муну Навальныйдын камалганынын бир жылдыгына байланыштуу жасаганын түшүндүрүп, аны бошотууну талап кылган.

Челябинскилик активист өзү окуучу кезинде Орусиядагы митингдерге катышканы үчүн куугунтукка алынган. Өткөн жылы Орусиядан чыгып кетип, Нидерланддан саясий баш паанек сураган.

Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный 2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган. 2021-жылдын 17-январында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

2022-жылдын 17-январында Навальный өзү социалдык баракчалары аркылуу кайрылуу таратып, “камактагы мөөнөтү качан аяктарын билбей турганын, аны “экстремист, террорист” кылуу үчүн дагы бир иш моюнуна илинип жатканын” жазды. Бул күнү Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык коомчулук билдирүү жасашып, Орусиянын бийлигинен Навальныйды бошотууну талап кылышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG