Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Киев соту экс-президент Порошенкону эркиндикте калтырды


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Киевдин Печерск райондук соту Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун бөгөт чарасын 19-январда карап, анын өз кепилдигин алып эркиндикте калтырды. Андан сырткары жалпы жарандык паспортун тапшырууга милдеттендирди.

Айыптоочулар Порошенкону камакка алууну өтүндү, адвокаттар эч кандай чара көрбөөнү талап кылышты. Сот имаратынын сыртында саясатчынын тарапташтары митинг кылып турушту.

Петро Порошенко 17-январда Варшавадан Киевдин Жуляны аэропортуна учуп келгенден кийин бөгөт чарасын аныктоо боюнча сотко катышты. Ал декабрдан бери Польшада жүргөн.

Жогорку Раданын депутаты жана “Европа тилектештиги” оппозициялык партиясынын лидери Петро Порошенко мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталып жатат.

Ал 2014-2015-жылдары бийликте турганда Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге колдоо көрсөткөн деп шек саналууда. Порошенко бул айыптарды толугу менен четке кагып, аны саясий куугунтук деп атап келет.

Киевдин Печерск райондук соту 6-январда экс-президентке таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алган чечим чыгарган. Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрикалар, анын ичинде Козиндеги үйү жана акциялары камакка алынды.

Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский менен мурдагы мамлекет башчы Петро Порошенко элдешкис саясий оппоненттер. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG