Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Чек ара: эки тараптан жаракат алгандардын саны 20дан ашты


Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы. Төрт-Көчө
Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы. Төрт-Көчө

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан жаракат алгандардын саны 20дан ашты.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, саат 02:00гө карата маалыматы боюнча чек ара жаңжалында жаракат алган дагы үч киши Баткен облустук ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилди.

Алардын экөө осколкадан жаракат алганы, үчүнчүсүнө ок тийгени маалыматта айтылды. Билдирүүгө караганда, жабыркагандардын баарынын абалы орточо оор деп бааланууда.

Жалпысынан Баткен облустук бириккен ооруканасына чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган жети кыргызстандык түштү.

Ал эми "Озоди" радиосу Исфара шаардык ооруканасындагы өз булактарына таянып 17 тажикстандык жаракат алганын жазды. Алардын арасында аскер кызматкерлери да, жайкын тургундар да бар.

Андан мурда “Озоди” өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.

27-январдын кечинде Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) тутанган кагылыш үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG