Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Рамзан Кадыров мыйзамдан өйдө турабы?


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Коллаж.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров. Коллаж.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Илья Яшин Change.org сайтында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун кызматтан кетишин талап кылып, кол топтой баштады.

Петицияны бир нече сааттын аралыгында эле 150 миңден ашуун киши колдоду. Яшин петициядан кийин жарыялаган видеокайрылуусунда Рамзан Кадыров Орусиянын мыйзамдарын одоно бузуп, ага сын айткандардын баарын “өлтүрөм” деп коркутуп жатканын айыптап, ага укуктук негизде баа берип, чара көрүүгө чакырды.

Яшин: Кадыров орус мыйзамдарын уруп-ойнобой калды

Чеченстандын башчысы Кадыровду кызматынан алууну талап кылган кайрылууга анын федералдык сот Саиди Янгулбаевдин үй-бүлөсүн, журналисттер менен укук коргоочуларды коркутканы себеп болду.

Яшин Кадыров өзүн "мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюп алды" деп айыптап, ага чара көрүү үчүн Орусиянын президентине кайрылды:

Илья Яшин. Орусиялык оппозициячыл саясатчы.
Илья Яшин. Орусиялык оппозициячыл саясатчы.

“Салам, Рамзан. Бул мен - Илья Яшин. Сенин желдеттериң жети жыл мурун өлтүргөн Борис Немцовдун досу. Ал адамды өлтүргөндөр сенин эсиңде экенине ишенем. Анткени, сен аларды чыныгы мекенчил-баатырлар деп атагансың. Чынында алар жөн эле бандиттер жана коркоктор. Бандиттер менен коркоктор гана көчөдө куралсыз жүргөн адамдын аркасынан атат. Рамзан, бүт өлкө бир айдан бери Янгулбаев менен болгон чырыңды байкап турат. Анын уулу сени - “улуу падышаны” сындап, сага акаарат келтирди. Сен буга каарданып, өч алгың келип турат. Кол алдыңдагылар Путиндин портретинин астында туруп алып, башын кесип, өлтүрүп, кек алууну кайталап жатышат. Мен сенин мамлекеттик кызматкер экениңди эске салам. Бул кабыл алынгыс. Анан дагы биздин өлкөдө адамды өлтүрүүгө, өлүм менен коркутууга жол берилбейт. Мен сени түшүнбөйм. Сен өзүңдү мыйзамдан, мамлекеттен жогору ойлойсуңбу? Өзүңө өтө эле көп жүктү алып жаткан жоксуңбу?”- деди саясатчы Илья Яшин.

Чеченстандын Жогорку сотунун экс-судьясы, федералдык судья Саиди Янгулбаев республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун коркутуусунан кийин Орусиядан чыгып кеткен. Чечен полициясы анын жубайы Зарема Мусаеваны Новгороддон күч менен кармап кеткен.

Кадыровдун эскертүүсү, аны коштогон жетекчилер

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бул үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан башка мамлекеттерди да эскерткен жайы бар.

Рамзан Кадыров, Чеченстандын башчысы.
Рамзан Кадыров, Чеченстандын башчысы.

“Алар террорчулардан дагы жаман. Алар кайда гана жүрбөсүн, каякта гана жашынбасын, биз аларды таап туруп, жок кылабыз. Силердин мамлекеттерде кылмыш жасалбасын десеңер, Орусияны, Чеченстанды жана чечендерди айыптабаш үчүн аларды чыгарып салгыла”, - деди Рамзан Кадыров.

Андан соң Грузияда жашырынып жүргөн экс-судьянын уулу, укук коргоочу Абубакар Янгулбаев Тбилисиден чыгып кеткени кабарланды. Рамзан Кадыров менен бул үй-бүлөнүн чырына ADAT деген аталыштагы "Телеграмм-каналда" анын дарегине жазылган сын-пикирлер себеп болгон.

Ал үй-бүлөсүн Кадыров жана анын кол алдында иштеген мамлекеттик кызмат адамдары “жок кылып, өлтүрүүнү” убада кылып ачык коркутуп жатканы тууралуу Орусиянын Башкы прокуроруна арыз менен кайрылды. Бирок, Башкы көзөмөл органы буга жооп кайтара элек.

Абубакар Янгулбаев, укук коргоочу.
Абубакар Янгулбаев, укук коргоочу.

“Адамдар буларга чыдабай калды. Бул укуктук душмандык. Анткени мыйзамдар жана укук коргоо органдары башкага иштейт. Бирок бул кишиге келгенде эле иштебей калып жатат. Бул кимди гана болбосун, Орусиянын кайсы жеринен болбосун, уурдап кетип, мыйзамдан тыш жазалоо көнүмүш иш болуп калганын түшүндүрөт. Адамдар андан чарчашты. Менимче, Кремл деле муну сезип турат”, - дейт Грузиядан чыгып кетип, Кадыровдон из жашырып жүргөн укук коргоочу Абубакар Янгулбаев.

Федералдык сот макамы бар Саиди Янгулбаев президент Путиндин жарлыгы менен 2015-жылы Чеченстандын Жогорку сотуна судьялыкка дайындалган. Рамзан Кадыров менен келишпестиктин айынан кызматтан кеткен.

Ал үй-бүлөсү менен Орусиянын Нижний Новгород шаарында жашап жаткан. Жубайын чечен полициясы күч менен батирден алып кеткен соң, Орусиянын аймагынан чыгып кеткен.

Ошондон кийин Чеченстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ачык видеокайрылуу жасап, Рамзан Кадыровдун дарегине тил тийгизгени үчүн кек кууп, Янгулбаевдердин башын кесип келүүнү убада кылышкан.

Жакында эле Грозныйда Кадыровдун жүздөгөн тарапташтары чогулган митингде экс-соттун үй-бүлөсүн колдогон журналисттер менен укук коргоочуларга карата дагы кайрылуу кабыл алынды:

“Алар республиканын жана бүткүл Орусиянын мусулмандарынын диний ишенимине шек келтирүүгө батынышты. Буга байланыштуу Чеченстандын эли “Новая газета”, “Дождь” сыяктуу маалымат каражаттарынын жана “Кыйноолорго каршы комитеттин” ишмердигине тыюу салууну катуу талап кылат”, - деп жазылган аталган кайрылууда.

"Кремл Кадыровду калкалайт"

Рамзан Кадыров аны кызматтан алууга демилге көтөргөн орусиялык саясатчы Илья Яшиндин кол топтоо тууралуу кайрылуусуна жооп бере элек.

Петиция тууралуу суроого Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Кремл аны олуттуу кабыл албайт" деп жооп берди. Анын айтымында, Change.org сайтында топтолгон кол жасалма болушу мүмкүн.

Кадыров ар кимди коркуткан көптөгөн билдирүүлөрү менен белгилүү. Анын буга чейин украин саясатчылары менен француз шакабачыларынан тартып орус оппозициясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө чейин коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрү чыккан.

Кадыровдун коркутууларынын бири чынында эле ишке ашып, 2015-жылы февралда Орусиянын оппозициячыл саясатчысы Борис Немцов Москвада Кремлге жакын жерде атып өлтүрүлгөн.

Буга катышы бар деген шек менен Чечен республикасынан келген топ кармалган. Тергөө учурунда алар Чеченстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG